Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 01:21

Жайкы Олимпиада 2021-жылдын 23-июль - 8-август күндөрү өтүшү мүмкүн


Жапониянын маалымат каражаттары Эл аралык Олимпиада комитети менен Токио Олимпиадасынын уюштуруучулары эмки жайкы оюндардын мөөнөтүн тактап жатышканын 29-мартта жазышты.

Кабарларга караганда, Олимпиада пландалгандан туура бир жылдан кийин башталышы ыктымал.

Өткөн аптада коронавирус пандемиясынан улам быйылкы Олимпиаданы кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алынган. Олимпиада 24- июлдан 9-августка чейин өтмөк. Эми 23-июль - 8-август деген күндөр каралууда.

Олимпиаданын азыркы тарыхында оюндар 124 жылдан бери белгиленген мөөнөттөн жылдырыла элек болчу. Бир нече жолу мелдештер, анын ичинде Токио-1940 Олимпиадасы согушка байланыштуу үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG