Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:17

Бийлик кайрымдуулук фонддоруна ыраазычылыгын билдирди


Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда иштеп жаткан кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо мекемелерине коронавирустун жайылуусуна каршы колдонуучу каражаттарды берип жатканына ыраазычылык билдирди.

Жыйында өлкөдө түзүлгөн кырдаалда жардам берүүнү координациялоо, чындап муктаж болгондорго жардам жеткирүү маселелери талкууланды. Кайрымдуулук фонддору жардам ташыган машинелер үчүн Бишкек шаарынын айрым райондорунда жүрүүгө чектөөлөр алып салынганына ыраазычылык билдиришти.

Жолугушууга «Рисаля», «Human Appeal International», «Ассалам», «Ас Сафа борбору», «Жаштардын дүйнөлүк ассамблеясы», «Ассанабилл», «ИТАР» жана «Катар кайрымдуулук фонду» уюмдарынын жетекчилери катышты.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG