Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок


Өзгөндөгү оорукана. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзгөндөгү оорукана. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустун алдын алуу штабынын маалыматына караганда, 30-мартта, саат 8:00гө карата өлкөдө коронавируска чалдыккан жаңы учур катталган жок.

Учурда өлкөдө жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 84кө жетти. 26 киши 29-март күнү аныкталган. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов жаңы вирус аныкталгандардын баары обсервацияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдады. Ошондой эле алар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери жүрүп жатат.

Жаңы аныкталгандардан эки адам Чүй облусунда, төртөө Бишкек шаарында, бир адам Нарын шаарында, алтоо Ош облусунда, 13 адам Жалал-Абад шаарында жашайт.

Коронавирус жуктурган 84 адамдын үчөө оор абалда. Алар жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экөө - Өзгөндө, бирөө - Сузакта.

Ушул тапта республика боюнча обсервацияда жаткан адамдардын саны – 4886 киши. Үй карантининде жаткан адамдардын саны – 3338. (ZKo)

XS
SM
MD
LG