Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Кытайда акыркы суткада коронавирустан төрт киши көз жумду


Кытайдагы лаборатория. Хенан шаары. 19-февраль, 2020-жыл.
Кытайдагы лаборатория. Хенан шаары. 19-февраль, 2020-жыл.

Кытайда акыркы суткада COVID-19 илдетинен төрт киши каза болду, 30 адам жаңыдан жугузуп алды. Кытайдын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы вирус жуктургандардын бирөө жергиликтүү, калганы чет өлкөлөрдөн келген жарандар экенин 30-мартта кабарлады.

Маалыматка ылайык, жугуштуу илдет тарагандан бери ага кабылгандардын 93% айыгып чыккан. Акыркы күндөрү 322 адам бул ооруну жеңгени маалымдалды. Коронавирустан Кытайда 81,4 миң киши жабыркап, 3 300дөн ашуун киши өлдү.

28-марттан тартып Кытай чет өлкөлүктөргө эшигин жапкан. Сырттан келген кытайлык жарандар карантинге алынат. Кытай бийлиги илдеттин экинчи эпкинине жол бербөөгө аракеттенүүдө. Ушул тапта оорулуулар менен тыгыз байланышта болгон 19 200дөн ашуун адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

2019-жылы декабрда Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон жугуштуу илдет дүйнө жүзүн каптап, 710 миңден ашуун адам ооруга чалдыкты. Коронавирустан 33 миңден ашык киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG