Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:39

Министр Жалал-Абадда коронавирустан айыккандар бар экенин айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ош, Жалал-Абад облусунда коронавирус аныкталган адамдарды дарылаш үчүн Бишкектен кошумча медициналык бригада жөнөтүү учурунда билдирди.

Жалал-Абадда коронавирустан айыккан адамдар бар экенин белгилеп, ал жөнүндө кийинчерээк маалымат берилерин кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча инфекционист, пульмонолог, анестезиолог–реаниматологдордон турган тогуз дарыгер коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды дарылоого бир ай бою көмөктөшөт.

Алар менен жолуккан саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дарыгерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, эң башкасы ооруну жугузуп албай өз милдетин так аткаруу зарыл экенин билдирди.

Кыргызстанда 30-мартка карата 84 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Алардын ичинен 39 адам Жалал-Абад облусунда, 31 адам Ош облусунда, эки адам Ош шаарында, бир адам Баткен облусунда, Чүй облусунда эки, Бишкек шаарында сегиз жана Нарын облусунда бир адам катталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG