Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:19

Кыргызстан Беларустан 25 миң тест алып келмей болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Беларустан коронавирусту аныктай турган 25 миң тест алдырганы жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Кытайдан 112 500 долларга (ташып келүү баасын кошпогондо) 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилгени кабарланган. Андан мурдараак 5 миң экспресс-тест сатып алынып, анын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.

29-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын саны 84 болгон.

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG