Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:21

Германия Ирактагы аскерлеринин бир бөлүгүн алып кетти


Немистердин «Tорнадо» үлгүсүндөгү учагы.
Немистердин «Tорнадо» үлгүсүндөгү учагы.

Германия коронавируска байланыштуу жагдайдан улам Ирактан айрым аскерлерин алып кетти. Бул тууралуу армиянын командачылыгы жекшембиде, 29-мартта немис парламентинин Коргонуу иштери боюнча комитетине билдирди. Анда Ирактан учак менен алынып келген жоокерлердин так саны айтылган жок.

Бундестаг 25-мартта немис аскерлеринин Ирактагы террорчулукка каршы эл аралык миссияга мындан ары да катыша беришин колдогон, бирок айрым өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, Иорданияда жайгашкан немистердин «Tорнадо» үлгүсүндөгү учактары 31-марттан тартып Ирактын үстүндө чалгындоо операцияларын токтотот. Германия эл аралык коалициялык күчтөргө таандык учактарга абадан май куюу иштерине катыша берет.

Ушул айдын ортосунда Иракта «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы эл аралык операцияны жетектеген америкалык генерал-лейтенант Пэт Уайт жергиликтүү жоокерлерди машыктыруу 11-майга чейин токтогонун маалымдаган.

Эл аралык коалицияда Германиянын жалпысынан 415 жоокери бар жана алардын көбү жергиликтүү коопсуздук күчтөрдүн өкүлдөрүн машыктыруу, окутуу менен алектенет.

XS
SM
MD
LG