Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Кыргызстанда карантинди бузгандарга жоопкерчилик күчөтүлөт (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда үй карантинин сактоо боюнча жана коронавирустун жайылышына каршы киргизилген чектөөлөрдү бузган жарандардын жоопкерчилик чаралары күчөтүлүп, айып салынат. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Айыппулдун өлчөмүн, кандай тартипте төлөнөрүн өкмөт тактай элек.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө жарандарын жоопкерчиликтүү болуп, карантинди сактоого чакырды.

«Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери киргизилген аймактарда калк көчөлөрдө ээн-эркин жүрүүнү улантууда. Бул - инфекциянын жайылышын шарттаган көйгөйлүү маселелердин бири. Бардык чектөөлөрдү аткаруу зарыл. Биз баштагыдай эркин сүйлөшүп, ар түрдүү жерлерге каалагандай барып жүрө албайбыз», - деди Боронов.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга жарандарга дааватка чыгууга тыюу салуу тапшырылды.

Бул аптада бардык эл аралык, анын ичинде Орусиядан келүүчү каттамдар токтотулганы да кабарланды.

Кыргызстанда 30-мартка карата коронавирусту жугузуп алгандардын жалпы саны 94 адамга жетти. (BkA)

XS
SM
MD
LG