Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

«Левада»: орусиялыктардын көбү жашы 70тен өткөн кишинин президент болушуна каршы


«Левада» борбору.
«Левада» борбору.

«Левада» борбору Орусиядагы президенттин жаш курагына байланыштуу сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын үчтөн экиси (62%) жашы 70тен өткөн адамдын мамлекет башчы болушуна каршы чыккан. Респонденттердин 35% дегеле ардагер курагындагы киши президент болбосун деген оюн билдиришкен. Дагы 23% президенттин жашы 70ке жетпеши керек экенин билдирген.

Орусиялыктардын 31% гана президентке жаш курагына байланыштуу эч кандай чектөө болбошу керек деген пикирде болгон.

«Левада» борборунун башчысы Лев Гудков бул сурамжылоо коомдо азыркы бийликке карата терс маанай күчөп баратканын көрсөткөнүн айтты.

Орусиянын азыркы президенти Владимир Путин 67 жашта жана анын кызмат мөөнөтү 2024-жылы аяктайт.

«Левада» мунун алдында соңку конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, Владимир Путиндин буга чейинки кызматтык мөөнөттөрү жокко чыгып, 2024-жылдан кийин дагы бийликте калышына жол ачылып жатканына байланыштуу сурамжылоо жүргүзгөн. Анда муну респонденттердин 48% колдоп, дагы 47% каршы чыккан.

Ал сурамжылоого катышкандардын 46% Путиндин 2024-жылдан кийин да бийликте калышын колдогон. Мындай пикирдеги жарандар 2019-жылы 54% түзгөн эле.

Орусияда коронавируска байланыштуу жагдайдан улам Конституцияны өзгөртүү боюнча 22-апрелдеги жалпы элдик добуш берүү кийинкиге калган. Добуш берүүнүн так датасы айтыла элек.

XS
SM
MD
LG