Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

АКШда карантин чараларынын мөөнөтү узарды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп коронавирустун жайылышына каршы чараларды 30-апрелге чейин узартуу тууралуу чечим кабыл алды. Буга чейин Трамп мындай чаралар 12-апрелге чейин эле алынышы ыктымал экенин айтып жаткан.

Ал жекшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, АКШда оору эң күчөгөн маал эки жумадан кийин башталышы мүмкүн экенин билдирди жана чектөө чаралары болбосо эки миллиондой адам ажал табышы ыктымал экенин эскертти.

Ушул тапта АКШ вирус жуккандардын саны боюнча алдыга чыкты. Бул өлкөдө оору 140 миңден ашык адамдан аныкталды жана кеминде 2,5 миңдей бейтап ажал тапты.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 720 миңден ашык кишиге жукту жана бул оору 34 миңдей адамдын өмүрүн жалмады.

XS
SM
MD
LG