Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Боронов: Кыргыз-кытай чек арасы жүк ташуучулар үчүн жакында ачылат


«Эркечтам» бекети.
«Эркечтам» бекети.

Жакын арада Кыргызстан Кытайдан жүк ташуучу автоунааларга чек арасын ачканы жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 30-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул багытта сүйлөшүүлөр Кытай тарап менен бир жумадан бери жүргүзүлүп жатат.

«Жүк ташыгандар үчүн ачууну сүйлөшүп жатабыз - күндө керектелүүчү товар ташыгандарга. Кытайдагы бүгүнкү абал бул тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө», - деди ал.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында автоунаалар өтүүчү эки чек ара бекети бар. Алар - Нарындагы «Торугарт» жана Оштогу «Эркечтам» бекеттери.

Коронавируска байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы январь айында жабылган. Андан бери базардагы айрым товарлар кымбаттап кетти.

30-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 94 учур катталды. 25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, адамдардын жана машинелердин каттоосуна чектөө киргизилди. (RK)

XS
SM
MD
LG