Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

Нидерландда музейден Ван Гогдун картинасы уурдалды


«Жазгы бакча».
«Жазгы бакча».

Нидерландда карантинге жабылган музейден Ван Гогдун картинасы уурдалды.

Уурулар Гронинген музейинин айнектен жасалган эшигин сындырып кирип Винсе́нт Ви́ллем Ван Гогдун «Жазгы бакча» деген эмгегин алып кетишкенин NOS телеканалы кабарлады.

Алар музейге 30-мартта түнкү саат 3төн өткөндө киришкен. Сигнализация иштеп, кароолчулар келгенде каракчылар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Уурдалган картина 1884-жылы тартылган, ага Нюэнендеги бакчанын элеси түшүрүлгөн. Анын баасы канча турары ачык айтыла элек.

Картина бул музейдеги Ван Гогдун жалгыз эмгеги болчу.

XS
SM
MD
LG