Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Кыргызстанда коронавирус табылган жаңы учур катталган жок


Коронавируска чалдыккандарды караган дарыгер. Жалал-Абад шаары. 26-март, 2020-жыл.
Коронавируска чалдыккандарды караган дарыгер. Жалал-Абад шаары. 26-март, 2020-жыл.

31-март, саат 8:00гө карата Кыргызстанда коронавирус табылган жаңы учур катталган жок. Коронавирустун алдын алуу штабынын маалыматына караганда, жугуштуу илдетке кабылгандар кечээ он кишиге көбөйүп, 94 адамга жеткен. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда - 50, Ош облусунда - 24, Чүй облусунда - 3, Баткен облусунда - 1, Ош шаарында - 8, Бишкек шаарында - 7 жана Нарын облусунда бир киши бар. Үч киши айыгып чыкканы кабарланды.

Бейтаптардын эң кичүүлөрү - бирге толо элек эки ымыркай, дагы жети бала 15ке чыга элек. 16дан 19 жашка чейинки бейтаптар - төртөө, 20-35 жаштагылары - 29, 35-55 жаштагылар - 23. Ал эми 55 жаштан жогору курактагылар - 29. (ZKo)

XS
SM
MD
LG