Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

«Бир дүйнө Кыргызстан» абактагы айрым адамдарды бошотууга чакырууда


Бишкектин четиндеги №3 түрмө, 2011-жылдын 12-июлу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин четиндеги №3 түрмө, 2011-жылдын 12-июлу. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу укук коргоо кыймылынын өкмөт башчыга жана коронавирустун алдын алуу штабына кайрылуусунда айтылган. Анда уюм учурдагы өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жабык жайлардагы аялуу адамдарды: 60 жаштан улууларды, аялдарды, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды жана жашы жете электерди бошотууга чакырган.

«Бир дүйнө Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул абактарда адамдарды өлүмгө жеткирбеш үчүн тез арада чыгарыш керек.

«Баш мыйзам боюнча абактардагы адамдардын эркиндиги гана чектелген. Башка эркиндиги - ден соолугун, өмүрүнүн коопсуздугун сактоо толук сакталууга тийиш», - деди ал.

Төлөкан Исмаилова мындан тышкары коронавирус тууралуу маалымат жеткирүү, дарыгерлерди жана жаза аткаруу кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо боюнча маалыматтык өнөктүк жүргүзүү зарыл экенин кошумчалады.

«Бир дүйнө Кыргызстан» уюму эпидемиологиялык абал курчуп турган убакта жабык жайларга жардам берүү боюнча күч кызматтарынан, Саламаттык сактоо министрлигинен, Акыйкатчы институтунан жана укук коргоочулардан турган эксперттик топ түзүүнү да сунуш кылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG