Акыркы үч күн ичинде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантка кайрылгандар 3 миң адамдан ашты. Аталган комендатуранын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, кайрылгандардын басымдуу бөлүгү турмуш шарты оорлошконун айтып жардам сураса, башкалары блокпосттордон өтүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын билдиришкен. Ушундан улам аймактын коменданты жергиликтүү бийликти эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, чогуу иш алып барууга чакырат.
Ошондой эле кийинки учурда «Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында коменданттык саат 14:00дөн башталып, сааты өзгөрдү» деп тарап жаткан маалымат да чындыкка дал келбей турганын билдирет. Бирок учурда күндүз көчөдө жана коомдук жайда себепсиз жүргөндөрдү текшерүү күчөгөнүн маалымдайт.
Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.
Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. Ал эми өлкөнүн башка аймактарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, көзөмөл күчөтүлгөн. (RsK)