Баткенде эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мандикер жалдоого тыюу салынды.
Облус аймагында талаачылыкта жана курулушта жалданып иштөөгө жана мандикерлерди жалдап иштетүүгө тыюуну өкмөттүн Баткендеги өкүлү Алишер Абдрахманов тиешелүү жетекчилерге тапшырды. Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бул аймакта коронавирустун жайылып кетишинин алдын алуу максатында көрүлүп жаткан чаралардын бири.
«Өкмөттүн өкүлү Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгына жана башка тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди. Бул облус аймагында элдин топтолуп алып, талаачылык же курулуш иштерине жалданып иштешин тыюу, тактала элек чек ара тилкелеринен коңшу өлкөлөрдүн жарандары өтүп келип, облус аймагында мандикерлик кылышына жол бербөө максатында көрүлүп жаткан чара болуп эсептелет», - деди ал.
Баткен облусу Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Аймакта жыл сайын жаз, жай, күз мезгилдеринде коңшу өлкөлөрдүн жарандары талаачылык жана курулуш иштерине жалданып иштеши кадимки көрүнүш.
Өзбекстанда коронавируска чалдыккандар 145 кишиге жетти.
Тажикстан илдет жуккандар катталбаганын билдирүүдө. (ZKo/JsA)