Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Бишкектин көчөлөрүндө чектөө дагы күчөтүлдү


Бишкек. 31-март, 2020-жыл.
Бишкек. 31-март, 2020-жыл.

31-марттан тартып Бишкекте адамдардын жана машинелердин көчөдө жүрүшүнө кошумча чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө абалдын талаптарын аткаруу максатында кабыл алынган буйрукту аткарбагандарга карата чара көрүлөт. Бул буйрук шаар тургундарына өтө зарыл болбосо эшикке чыгууга тыюу салат.

«Комендантура уруксат берген тармактардын тизмесиндеги мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин (колунда иштеген жери берген аныктамасы болушу керек) үйдөн жумушка барып келишинен тышкары башкалардын баарына шаардын көчөлөрүндө жүрүүгө тыюу салынат. Туугандарга, тааныштарга, кошуналарга, кесиптештерге жана башкаларга барууга, үч адамдан көп топтолууга (үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары), өспүрүмдөрдүн чоңдордун коштоосуз көчөдө жүрүшүнө тыюу салынат. Күнүмдүк тиричиликти камсыз кылуучу ишканалардан тышкары башка мекеме-ишканалардын баарынын иши убактылуу токтотулсун. Биз мындай кескин чарага өзүн да, башкаларды да коркунучка кептеп жаткан адамдар дагы эле көчөдө көп болуп жатканына байланыштуу барып жатабыз. Дагы бир жолу кайрылам - эгер өтө зарыл иш болбосо эшикке чыкпагыла, туугандарыңарга барбагыла! Бул талапты аткарбасаңар биз мыйзам чегинде чара көрүүгө мажбур болобуз», - деди Орозалиев.

18-30-мартта Кыргызстанда коронавирус 94 адамга жукканы аныкталды, алардын үчөө айыгып чыкты.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды. (RK)

XS
SM
MD
LG