Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Конокко барууга жана үч адамдан көп чогулууга убактылуу тыюу салынды


Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

Бишкек шаарында өзгөчө абал учурунда конокко барууга жана үч адамдан көп чогулууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык комендатуранын буйругунда айтылат. 31-мартта жарыяланган буйрук шаар тургундарына өтө зарыл болбосо эшикке чыгууга тыюу салат.

Анда «туугандарга, досторго, кошуналарга жана башкаларга конокко барууга, бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн сырткары үч адамдан көп чогулууга тыюу салынат» деп айтылат.

Шаардын коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында, өзгөчө абал талаптарын аткарбагандарга карата чара көрүлөт.

«Комендантура уруксат берген тармактардын тизмесиндеги мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин (колунда иштеген жери берген аныктамасы болушу керек) үйдөн жумушка барып келишинен тышкары башкалардын баарына шаардын көчөлөрүндө жүрүүгө тыюу салынат. Күнүмдүк тиричиликти камсыз кылуучу ишканалардан тышкары башка мекеме-ишканалардын баарынын иши убактылуу токтотулсун. Биз мындай кескин чарага өзүн да, башкаларды да коркунучка кептеп жаткан адамдар дагы эле көчөдө көп болуп жатканына байланыштуу барып жатабыз. Дагы бир жолу кайрылам - эгер өтө зарыл иш болбосо эшикке чыкпагыла, туугандарыңарга барбагыла! Бул талапты аткарбасаңар биз мыйзам чегинде чара көрүүгө мажбур болобуз», - деди Орозалиев.

Жашаган жеринен 1,5 чакырымдан алыс эмес радиустагы дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алууга, чукул зарылдык болсо медицина мекемесине чыгууга, өмүргө жана ден соолукка коркунуч жараткан өзгөчө учурда үйдөн чыгууга уруксат бар.

18-30-мартта Кыргызстанда коронавирус 94 адамга жукканы аныкталды, алардын үчөө айыгып чыкты.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды. (RK)

XS
SM
MD
LG