Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Өкмөт ишкерлерди колдоонун фискалдык чараларын жарыялады


Өкмөт Үйү.
Өкмөт Үйү.

Кыргыз өкмөтү ишкерлерди фискалдык жактан колдоо боюнча атайын план бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешмеде коронавирустун жайылышына байланыштуу кырдаалдан улам өлкөдөгү ишкерлерди колдоонун фискалдык чараларды бекитилген.

Ага ылайык:

  • 2020-жылдын 22-мартынан баштап өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилген соң топтолгон салык жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын мөөнөтүн узартуу жана бөлүп төлөө шарты түзүлөт.
  • 2020-жылдын 1-июлуна чейин салыктык милдеттерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салыктык санкциялар жана пенялар колдонулбайт;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2020-жылдын 1-апрелинен тартып үч айга муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн акы төлөө мөөнөтүн узартуу тапшырылат;
  • 2020-жылдын 1-июлуна чейин жер-жерлерде салыктык процедураларын электрондук фискалдаштыруунун компоненттерин киргизүү мөөнөтү узартылат;
  • 2021-жылдын 1-апрелине чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жылдырылат;
  • 2020-жылдын 1-июлуна чейин төлөмдөр өз убагында төлөнгөн шартта салык жана социалдык чегерүүлөр боюнча бизнес субъектилеринин отчёт берүү мөөнөтү узартылат.

Мындан сырткары 2022-жылдын 1-январына чейин бир катар текшерүүлөргө мораторий киргизилет. Анын алкагында:

  • 2021-жылдын 1-январына чейин төмөнкүлөрдүн тышкары көчмө салыктык текшерүүлөрдү чектөө:
  • товарлардын акциз алдындагы топторун өндүргөн жана жүгүрткөн чарбалык субъектилерди пландуу текшерүүгө чектөө.
  • Жеке ишкердин ишмердүүлүгү кайра түзүлгөн, жоюлган жана токтотулган шартта жүргүзүлүүчү пландан тышкары текшерүүлөргө чектөө;
  • Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден кийин салык төлөөчү салыкты туура эмес эсептеп алганы далилденсе пландан тышкары текшерүүлөргө жана кайра текшерүүлөргө чектөө киргизилди.

Буга кошумча тиешелүү мамлекеттик органдар үч айдын ичинде абоненттердин карызы үчүн электр энергиясын, сууну, газ жана башка коммуналдык кызматтарды, байланыш кызматын жана Интернетти өчүрбөшү керек. Коммуналдык кызматтар электр энергиясы, суу, газ, таштанды тазалоо, байланыш кызматы, Интернетти төлөбөй калса айыппул жана пенялар эсептелбейт. Мамлекеттик мүлктү ижарага алгандар төлөмдөрдү төлөөнү үч айга жылдырып, 2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларды банкрот деп жарыяланышына убактылуу тыюу салынат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт бизнеске, жеке ишкерлерге жана жарандарга өз көмөгүн улантарын кошумчалаган.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында өлкө аймагында өзгөчө кырдаал, ал эми 25-марттан тартып Бишкек баш болгон үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал жарыялаган. Мындай режим өлкө жарандарына жана ишкерлерге бир катар чектөөлөрдү киргизүүдө.

Мындан сырткары пандемияга байланыштуу дүйнөдөгү кырдаалдан улам бир катар өлкөлөр чек араларын жаап, соода, катнаш токтогон.(BKA)

XS
SM
MD
LG