Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Өкмөт ишкерлерди колдоонун финансалык чараларын иштеп чыкты


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу акыркы жагдайдан улам ишкерлерди колдоонун каржылык чараларын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, өкмөттүн кризиске каршы чаралары бир нече пункттан турат. Анын алкагында өкмөт Улуттук банкка бир катар сунуштарды киргизген. Бул сунуштарга ылайык, Улуттук банк:

  • кардарларды онлайн тейлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү;
  • сомдун өтүмдүүлүгүн камсыз кылыш үчүн насыялык аукцион өткөрүүнү сунуш кылышы;
  • 2022-жылдын 1-январына чейин коммерциялык банктарга жана коммерциялык эмес уюмдарга пруденциалдык талаптарды жеңилдетиши зарыл.

Өкмөттүн карыжылык чараларынын бир бөлүгүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун алкагында ишке ашышы керек. Анын алкагында:

  • Коммерциялык банктар менен чакан жана орто бизнести колдоо линиясы боюнча кыргыз өкмөтү жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлорду кошуу менен 3 айдан кем эмес мөөнөткө насыялар боюнча негизги суммалар жана пайыздарды узартуу, реструктуризациялоо тууралуу иш алып баруу;
  • Жеңилдетилген шартта насыя алыш үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу;
  • Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүп, аталган органдан насыя алууну жеңилдетүү;
  • Элдин массалык түрдө чогулушунун алдын алуу максатында 2020-жылдын 1-июлуна чейин акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу каралган.

Мындан сырткары өкмөт ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоону көздөөдө. Ага ылайык:

  • Мамлекеттик сатып алуу жол-жобосунда ата мекендик ташуучуларга 20% өлчөмүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө ченем бекитилет.
  • Ата мекендик ташуучуларга, өндүрүүчүлөргө жана кызмат көрсөткөн компанияларга өзгөчө абал жана өзгөчө абал режимдери таасир эткен мамлекеттик сатып алуу боюнча келишимдердин мөөнөттөрү кайрадан каралат.
  • Ошондой эле акыркы кырдаалдан жабыр тарткан бизнести колдоо фондун биргеликте түзүү боюнча иш жүргүзүлөт.

Өкмөт учурдагы оор шартта өлкө экономикасын оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча бардык аракеттерди кылууга убада берүүдө. Бирок акыркы кырдаалдан жабыр тарткан ишкерлерди колдоо боюнча белгилүү бир суммадагы каражат бөлүү боюнча сунуш камтылган жок.(BkA)

XS
SM
MD
LG