Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунун бир бөлүмү COVID-19 вирусун жугузгандарды дарылоого ылайыкталып, даярдалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу чыкканын мекеме кабарлады.
Маалыматка караганда, бул бөлүм өзүнчө имаратта жайгашкан. Ичинде 38 бейтап жата турган орун бар.
Борбордун жетекчиси Болот Майканаев билдиргендей, дарыгерлер жеке коопсуздугун камсыз кылуу жана ооруну жугузуп албоо ыкмаларын эл аралык талаптарга ылайык үйрөнүштү. Ошону менен катар коронавирустан коргоочу медициналык костюмду туура кийип, чечүү жолдору да үйрөтүлдү.
Кыргызстанда 31-мартта саат 12:00дөгү маалымат боюнча жаңы коронавирус жуккан бейтаптардын саны 107 адам. Үүчөө оор абалда реанимацияда жатат. Бирөөнө жасалма дем алдыруу аппараты коюлду, анын абалы өтө оор. Экөөнүн абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат. (RK)