Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Текебаев өкмөттү коронавируска каршы күрөштө ачык болууга чакырды


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттү коронавируска каршы иштерди ачык жүргүзүүгө чакырды. Бул тууралуу саясатчы «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирүүсүндө айткан. Анда Текебаев жарандарды өзгөчө абалды сактоого чакырып, коронавируска каршы иш жүргүзүү жагынан өкмөткө бир нече сунуш киргизген. Анын ичинде саясатчы Кыргызстандын жарандарын СOVID-19 вирус аныктоо боюнча жапырт тесттен өткөрүп, илдеттин алдын-алууга болорун белгилеп жатат.

Ошондой эле учурда Өмүрбек Текебаев өкмөттү дүйнөдө коронавирусту дарылоого колдонулуп жаткан дары-дармектерди жана жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алууга каражат бөлүүгө үндөгөн.

Мындан сырткары мамлекет муктаж болгон үй-бүлөлөрдү негизги азык-түлүк менен карантин бүткөнгө чейин бекер камсыз кылышы зарыл экенин кошумчалаган.

«Ата Мекендин» лидери өкмөт бул иштерди ачык-айкын алып барышы керек экенин, учурда аткаруу бийлигинин иштери боюнча маалыматтар жетишпей жатканын белгиледи.

Кыргызстанда 31-мартка карата 107 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Буга чейин өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан улам өкмөт ишкердикти колдоонун финансылык жана фискалдык чараларын жарыялады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башка өлкөлөр сыяктуу ишкерлерге акчалай жардам берүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG