Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-май, 2020 жума, Бишкек убактысы 13:45

Коронавирустун айынан Казакстанда экинчи бейтап көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарындагы ооруканада өпкөнү сезгенткен вирустан дарыланып жаткан бир жаран каза тапты.

Шаардык коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Сауле Кисикова маалымдагандай, 50 жаштагы маркум ооруканага 21-мартта «Тез жардам» менен жеткирилген. «Ал ошол убакта бир айдай ооруп жүргөн, жумушуна байланыштуу иш сапарларына тез-тез чыккан жана медициналык жардам сурап кайрылган эмес. Аны менен байланышта болгон 31 адам, үй-бүлө мүчөлөрү, кызматташтары да ооруканага жаткырылды. Дагы 50 адам үй карантинге алынды», - деди Кисикова. Анын айтымында, маркумдун үй-бүлөсүндөгү эки адамдан дагы коронавирус чыкты.

Нур-Султанда ушул тапта коронавирус жуккан 159 адам ооруканада жатат, 15 киши айыгып үйлөрүнө чыкты.

Казакстанда коронавирустун айынан 26-мартта бир адам, Акмоло облусунун 64 жаштагы тургуну ажал тапкан.

Соңку маалымат боюнча, Казакстанда жаңы вирус 325 адамдан табылды. Бул оору өлкөнүн 12 аймагында катталды.

XS
SM
MD
LG