Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

1-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

1-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19,

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 16…18 градус болот.

XS
SM
MD
LG