Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Нарынга кирип-чыгууга убактылуу чектөө коюлду


Нарын шаарынын кире бериши. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарын шаарынын кире бериши. Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусунун аймагына автоунаа менен кирүүгө жана чыгууга убактылуу чектөө коюлду. Бул тууралуу 31-мартта Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, 31-мартта Нарын шаарынын кире бериштерине тосмо коюлуп, көзөмөл күчөтүлдү. Ошондуктан Нарын жергесине барууну азырынча пландабоо керектиги айтылды.

Облус жетекчилиги автокаражаттарынын кыймылын тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.

Коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 31-мартка карата 107ге жетти: Жалал-Абад облусунда - 51, Ош облусунда - 28, Чүй облусунда - 4, Баткен облусунда - 1, Ош шаарында - 9, Бишкек шаарында - 8, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда 2 адам.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG