Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Лондон, Париж, Берлин санкцияны кыйгап өтүп Иранга жардам берди


INSTEX системасын Париж, Берлин жана Лондон былтыр жыл башында чогуу түзүшкөн.
INSTEX системасын Париж, Берлин жана Лондон былтыр жыл башында чогуу түзүшкөн.

Англия, Франция жана Германия АКШнын санкциясын кыйгап өткөн ыкманы алгачкы ирет колдонуп, Иранга дары-дармек жөнөттү. Германиянын Тышкы иштер министрлиги 31-мартта аталган үч өлкө INSTEX (Instrument in Support of Trade Exchanges) төлөм ыкмасын колдонгонун маалымдады.

INSTEX системасын Париж, Берлин жана Лондон былтыр жыл башында түзгөн жана башында Иран элин колдош үчүн гуманитардык багытта пайдаланары айтылган. АКШ бул системага караманча каршы болуп келет.

Бул система АКШнын Иранга каршы санкциясын кыйгап өтүп, Тегеран менен соода-сатык жүргүзүүгө жол берет. Тактап айтканда, кара май, азык-түлүк, дары-дармек сатуу жана алуу алмашуу ыкмасы аркылуу ишке ашат. Былтыр жыл аягында бул системага Белгия, Дания, Финляндия, Нидерланд, Норвегия жана Швеция да кошулган эле.

Иран буга чейин АКШнын гуманитардык жардамынан баш тарткан. Өлкө лидерлери эгер Вашингтон чындап жардам бергиси келсе, санкцияларын алышы керек экенин айтышкан.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси Ирандын өзөктүк программасын чектеген, дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн келишимден мурдагы жылы АКШ чыгып кеткенден бери чыңалып жатат. Вашингтон ошондон тартып Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.

Иран коронавируска байланыштуу оор абалга кабылды. Соңку бир күндүн ичинде эле илдет расмий маалыматка ылайык, үч миңден ашык адамдан аныкталды жана жалпы ооругандардын саны 44,5 миңден ашты. Бул оору үч миңге чукул адамдын өмүрүн жалмады. Бир катар эксперттер Тегеран ооругандардын жана андан ажал тапкандардын так санын жашырып жатат деп шектенишет.

XS
SM
MD
LG