Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

ИИМ: Коменданттык саат учурунда 147 адам кармалды


Ош шаары.
Ош шаары.

Кыргызстанда 1-апрелге караган түнү коменданттык саат эрежесин бузган 147 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Мындан тышкары 12 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Кармалгандарга милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эртең менен коё берди. Бишкекте 119, Ошто 2, Жалал-Абадда 10, Сузак районунда 8, Кара-Суу районунда 8 адам кармалды. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар болгон жок.

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (RK)

XS
SM
MD
LG