Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 06:08

Жогорку Кеңеш 1-апрелде кезексиз отурумга чогулат


Жогорку Кеңеш.

Парламент депутаттары отурумда Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу зарыл болгон мыйзам долбоорлорун карашат. Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, мыйзам долбоорлору насыя жана салык маселелерине байланыштуу.

«Азыркы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айрым мыйзам долбоорлоруна чукул өзгөртүү киргизип, бекитүү зарылчылыгы чыгып жатканына байланыштуу депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, ошол мыйзамдарды карашат», - деди ал.

Ибраим Нуракун уулунун айтымында кезексиз жыйынга чогулуучу депутаттардын жана мыйзам долбоору жөнүндө түшүндүрмө берүүчү баяндамачылардын да коопсуздук чаралары каралган. Отурумга журналисттер катышпайт, жыйын телеканалдардан жана соцтармактардагы парламенттин баракчаларынан түз көрсөтүлөт.

Өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары 25-марттан тартып аймактарда шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн тыныгуу алышкан. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG