Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:58

Акыйкатчы: Журналисттерге аккредитация берилбегени укук чектөөгө жатпайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы өзгөчө абал учурунда журналисттерге аккредитация берилбегени боюнча түшүндүрмө берди.

Акыйкатчынын түшүндүрмөсүндө Баш мыйзамдын 20-беренесине ылайык, жарандардын укугу жана эркиндиги улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, элдин саламаттыгын сактоо жана башка адамдардын укугу менен эркиндигин коргоо максатында чектелүүгө мүмкүн экени айтылган.

«Конституциянын «Өзгөчө абал» тууралуу мыйзамынын 17-беренесинин 9-пунктунда жазылгандай, аймактын коменданты чукул абал киргизилген жерге журналисттердин аккредитациялоо жана алардын иштөөсү боюнча өзгөчө тартип орното алат. Бул тартип коомдук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн Баш мыйзамдын чегинде кызмат кылат», деп белгилеген Акыйкатчы.

Бишкек шаарынын комендатурасы Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбей турганын билдирген. Буга айрым медиа уюмдар каршы чыгып, бул жобо Баш мыйзамга туура келбей турганын эскертишкен. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG