Ысык-Көл облусунда жергиликтүү ыкчам штабдын чечими менен Ысык-Көл айылы (мурдагы Маяк) толугу бойдон изоляцияга алынды. Бул тууралуу 1-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.
Ысык-Көл айылы Түп районунда жайгашкан. Ал жерде үй карантин эрежесин сактабаган сегиз адам милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Штабдын маалыматына караганда, алар чет өлкөлөрдөн (Орусия, Түркия) кайтып келген жана үй карантининин шарттарын бузган.
18-31-мартта Кыргызстанда коронавируска 107 адам чалдыкты, алардын үчөө айыгып кетти. 107 адамдын экөө Ысык-Көл облусунда. (KS)