Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Сулайманов: Өзгөчө абалды узартууга болбойт


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Кыргызстанда 15-апрелден кийин өзгөчө абалды узартууга болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди. Анын айтымында, эгер өлкөдө өзгөчө абал узарып кетсе жарандардын жашоо-турмушуна, өлкө экономикасына абдан чоң зыян келет.

«15-апрелге чейин тиешелүү органдар коронавирус жугузуп алган адамдарды текшерип, аларды карантинге алыш керек. Ал эми калган жарандардын эркин жүрүшүнө шарт түзүлүшү керек. Болбосо өлкөгө кыйын болуп калат», - деди Сулайманов.

Ошондой эле эл өкүлү учурда коронавирусту аныктоочу тест-системалар абдан аз болуп жатканын белгилеп, өкмөт көп сандаган тесттерди сатып алышы керек экенин кошумчалады.

Алтынбек Сулайманов жетиштүү иш алып бара албаганы үчүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан алууну сунуш кылды.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан алганы белгилүү болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG