Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Жогорку Кеңешке премьер-министр чакырылды


Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 1-апрелде өтүп жаткан кезксиз сессиясына премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев чакырылды. Депутаттар өкмөт башчыдан COVID-19 вирусуна каршы күрөштүн абалы тууралуу маалымат берүүнү сурап жатышат.

Бул күнү Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү иштен бошотулган вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин ордуна жаңы талапкерлерди да карайт. Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынын күн тартибин тактоо учурунда төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.

Жогорку Кеңештин 1-апрелде өтүп жаткан кезексиз жыйынында «Валюталык инфляцияга жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралууда. Мындан сырткары «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Инновациялык иш жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин каралууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG