Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Парламентте ЕАЭБге кайрылып, жеңилдик алуу сунушталды


Депутат Абдывахап Нурбаев Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кайрылып, үчүнчү тараптан кирчү товарларга бажы тарифин алып салууну сунуштады. Парламент жыйынында депутат эгер бул маселе чечилбесе, анда ЕАЭБден чыгуу боюнча демилге көтөрүш керек экенин билдирди.

Депутат Алтынбек Сулайманов да ушул эле маселени козгоп, өкмөттү бул багытта иш алып барууга чакырды.

Экономика министри Санжар Муканбетов бул сунуш Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жыйынында караларын билдирди. Анын айтымында, ушул жумада комиссиянын видео жыйыны болот.

Ал эми вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өткөн аптада ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн вице-премьерлеринин жыйынында бул уюмдагы өлкөлөрдөн кирген дары-дармектердин бажы төлөмдөрүн азайтуу жана азык-түлүк, дары-дармектерди тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG