Кыргызстанда банктан же чакан насыя компаниясынан карыз алып, коронавируска байланыштуу түзүлгөн абалдан улам акчасын кайтара албай жаткандар боюнча иш жүрүп жатат. Бул тууралуу 1-апрелде парламентте маалымат берип жатып вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди:
«Улуттук банк коммерциялык банктар менен негизги суммасын жана пайыздык үстөгүн үч айга жылдыруу боюнча иш жүргүзүп жатат. Чечимдерди кабыл алып жатат».
1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 111 адам болду. 25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилген. (RK)