Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Жалал-Абад шаарында көчөдө жүргөндөрдү текшерүү күчөдү


Жалал-Абад шаарындагы рейд учурунан. 1-апрель, 2020-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы рейд учурунан. 1-апрель, 2020-жыл.

1-апрелден тартып шаар аймагында жөө жүргүнчүлөр менен машинелерди текшерүү күчөдү. Таң эрте күч түзүмдөрүнөн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жана элдик кошуундардан түзүлгөн топ шаарда атайын рейд өткөрүүдө. Көчөдө жүргөн ар бир машине токтотулуп, уруксат кагазы жок жүргөндөрдүкү айып короосуна токтотулду. Ал эми себепсиз жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйдөн чыкпоосу эскертилүүдө.

Жалал-Абад шаары, Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков өзгөчө абалдын талаптары күчөтүлгөнүн айтып, тийиштүү кызматтарды элге кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле Жоробеков атайын уруксат алууну каалагандар көбөйгөнүн, бул маселени блокпостторго байланыштырбай, жергиликтүү бийлик алар менен иштеши керек экенин кошумчалады.

Cузак району менен Жалал-Абад шаарынын аймагында өткөн сутка ичинде 16 кылмыш катталган. Андан сырткары 25-марттан ушул кезге чейин коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түн ичинде коомдук жайларда жүргөн 169 адам кармалган. (RsK)

XS
SM
MD
LG