Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Парламентте Бишкек комендатурасынын иши сынга алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында өлкөдө өзгөчө абал жарыяланган Бишкек шаарынын комендатурасынын ишин депутаттар сынга алышты. Депутат Исхак Пирматов комендантура калкты азык-түлүк менен камсыз кылган ишкерлердин ишине тоскоолук кылып жатканын айтып чыкты.

«Комендатура өкмөт менен кеңешип, экономикалык чаралар боюнча сүйлөшүп жатасыңарбы? Комендатура абдан көп чектөө киргизип жатат», - деди Пирматов.

Мындан башка бир катар депутаттар Бишкек комендатурасынын иши башаламандык менен коштолуп жатканын белгилешти.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева ушул учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандарды коркутуп, басым кылып жатканын айтып чыкты.

«УКМК «Сокулукта коронавирус боюнча жалган маалымат таратты» деп, бир адамды кечирим суратып жатат. Силер кимди алдап жатасыңар? Сокулукта чын эле карантин. Райондук акимиатта 40 адам карантинде жатат. Жарандарды коркутууну токтоткула, чектен ашып кетпегиле», - деди Сурабалдиева.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек шаары баш болгон үч шаар менен үч райондо өзгөчө абал режими жарыяланган. Анын алкагында саат 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилип, чектөө коюлган. Бул учурда атайын уруксат бар адамдар гана көчөгө чыгышы керек.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков комендатуралардын ишинде кемчиликтер бар экенин белгилеген. (BkA)

XS
SM
MD
LG