Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:21

БУУ ооган лидерлерин тынчтык келишими үчүн элдешүүгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Ооганстанда өз ара тирешип жаткан саясатчыларды узакка созулган согушту токтотуу максатында «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзүш үчүн «биримдикке» чакырды. БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Ингрид Хейден 31-мартта ооган президенти Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы, аткаруу бийлигинин мурдагы жетекчиси Абдулла Абдулланы өлкө тарыхындагы эң маанилүү учурду колдон чыгарбоого чакырды.

«Ооганстан чечүүчү учурга жакындап калды. Азыр өлкө лидерлери биримдикте болуп, өлкөдө туруктуу бейпилдик орнотуш үчүн талибдер менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даярбы деген маселе турат», деди ал.

Ингрид Хейден ошондой эле коронавируска байланыштуу жагдай да ооган элинин саламаттыгына, өлкө институттарынын туруктуулугуна коркунуч келтирип жатканын эскертти.

Ооганстанда саясий тирешүү өткөн айдын башында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин күчөгөн. Анда азыркы президент Ашраф Гани жеңүүчү деп табылган. Бирок анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулла добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла жарыша өз-өзүнчө инаугурация өткөрүп, ар кимиси өзүн президент деп жарыялаган. Саясий тирешүү тынчтык келишимин аткарууга тоскоолдук жараткан.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак. Азыр туткун алмашуу жараяны ишке ашар-ашпасы белгисиз.

Ооган өкмөтү талибдер менен сүйлөшүүгө бара турган 21 кишинин аты-жөнүн жарыялаган. Делегациянын жетекчиси болуп Улуттук коопсуздук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Мохаммад Масум Станекзай дайындалган жана топко бир катар саясатчылар, мурдагы аткаминерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү кирген. Делегациянын беш мүчөсү аялдар экени белгилүү болгон.

«Талибан» өкмөттүк делегациянын курамын сынга алган жана аны менен кездешүүдөн баш тарткан.

Ашраф Ганинин башкы кеңешчиси Вахид Омар «талибдер көптөн бери башталбай жаткан сүйлөшүүнү дагы созуу максатында кандайдыр бир шылтоо издебеши керек» деп айткан. Ал «бул топто тиешелүү тараптардын баары камтылбай калды» деген дооматты четке каккан.

XS
SM
MD
LG