2-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17,
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17,
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градус болот.
Бишкек шаарында маал-маалы менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 13…15 градус болот.