Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум жөнүндө мыйзам долбоору 1-апрелден тартып коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорун депутат Курманкул Зулушев даярдаган. Ага ылайык, өлкөнүн башкаруу системасын аныктоо боюнча референдумду быйыл 4-октябрда өткөрүү сунушталган. Референдумда жарандар парламенттик же президенттик башкаруу системасын тандашы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса, өкмөт референдумду өткөрүүгө даярдык көрүүгө тийиш. 

Кыргызстанда 2010-жылы бийлик алмашканда элдик референдум аркылуу Конституция өзгөртүлүп, парламенттик башкаруу формасы тандалган. Бирок иш жүзүндө өлкө президенттик башкарууда деген пикирлер бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG