Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү иштеп кеткенин эске салып, премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиевди «кызматта отурууга моралдык укугуңуз жок» деп сындады:
«Командаңыздын 95% кетти. Өзүңүз эле калдыңыз, мен муну уят нерсе деп ойлойм. Андан көрө жоопкерчиликти өз мойнуңузга алып кызматтан кетишиңиз керек болчу. Болбосо азыр командаңызды бекем кармап, карантин бүткөндөн кийин чечим чыгарсаңар болмок».
Жээнчороевдун сынына премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев «иштеп жатабыз» деп жооп берди.
Жогорку Кеңештин 1-апрелде өтүп жаткан кезексиз сессиясына премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев чакырылган. Премьер-министр Кыргызстандын вице-премьер-министрлик кызматына Аида Исмаилованын, ал эми саламаттык сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин Жогорку Кеңешке көрсөттү.
1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди иштен алган. Коопсуздук кеңеши 31-марттагы отурумунда «коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзө алган жок» деп, аларга чара көрүүнү премьер-министрге сунуш кылган. (TSh)