Кыргызстанда 1-апрель, саат 12де чыккан маалымат боюнча коронавирус дагы төрт кишиден табылды. Ошентип COVID-19га чалдыккандардын саны 111 киши болду. Ушул эле күнү вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштен алынды. АКШда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны 1-апрелге карата 4 миң кишиден ашты. Дүйнөдө 860 миңден көп киши коронавирусту жуктуруп алды. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш пандемияны Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эле чоң мүшкүл деп мүнөздөдү. Түркмөнстанда бийликтин көрсөтмөсү менен «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, же айтууга тымызын тыюу салынды. Өлкөдө илдетке кабылган учур расмий каттала элек.
Түркмөн бийлиги "коронавируска" тыюу салды
Чыгарылыштар
-
Май 06, 2024
Сот Мадумаровдун арызын артка кайтарды
-
Апрель 30, 2024
Грузияда парламент талаштуу мыйзамды карай баштады
-
Апрель 29, 2024
Тажик бийлиги элине Орусияга барбай турууну эскертти
-
Апрель 25, 2024
Кыргызстанда балдар арасында көк жөтөл жайылды