Бул маалыматты 1-апрелде Түркиянын cаламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа таратты. Анын сөзүнө караганда, Түркияда 15,679 киши коронавируска чалдыккан. Алардын 8852си Стамбул шаарынын тургундары экени жазылган. Ал эми коронавирустан каза болгон 277 түрк бейтаптын 117си да Стамбул шаарынын тургундары болгон.
Вирусту жугузуп алгандар Түркиянын Анкара жана Измир сыяктуу ири шаарларында да катталган.
Ошондой эле министрлик коронавирусту жугузуп алгандардын арасында полиция кызматкерлери, дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана футболчулар да бар экенин маалымдады.
27-мартта Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында бардык эл аралык каттамдарын токтотту. Аймак аралык автобус каттамдары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
Түркияда өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок 65 жаштан улууларга көчөгө чыгууга тыюу салынган.
Түркиянын Ички иштер министрлиги 1-апрелден баштап Стамбул шаарына кетчү жолдор катуу текшерилээрин маалымдады.
Өлкөдө мектептер, жогорку окуу жайлары, соода борборлору жана коомдук жайлар убактылуу жабылды. Бийлик жергиликтүү калкты үйдө отуруп, эл көп жерлерге барбоого үндөп жатат.
Түркияда расмий 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап иштеп жүрүшөт. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдары токтогон. Учурда Түркиянын ири шаарларында Кыргызстанга кетүүнү каалаган жүздөгөн кыргызстандык мигранттар кармалып турат. (ElB)