Орусия 1-апрелде ОПЕК менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганына карабастан, мунай өндүрүшүн күчөтпөйт. Бул тууралуу «Bloomberg» агенттиги орус өкмөтүндөгү өз булактарына шилтеме кылып билдирди.
Анын айтымында, азыркыдай кырдаалда Москва үчүн мунай өндүрүшүн күчөтүү маанилүү эмес. Буга чейин Орусиянын энергетика министри Александр Новак өлкө мунай өндүрүшүн күнүнө 200-300 миң баррелге чейин күчөтүшү мүмкүн экенин айткан.
Агенттиктин божомолуна ылайык, Орусиянын өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүдөн баш тартышы Сауд Арабиясы менен жүрүп жаткан «баа согушундагы» элдешүүнүн белгиси болушу мүмкүн.
Марттын башынан бери мунайдын дүйнөлүк баасы дээрлик 50% төмөндөдү. Буга Орусия чийкизат өндүрүүнүн көлөмүн азайтуу боюнча ОПЕК менен келишим түзүүдөн баш тартканы себеп болгон. Сауд Арабиясы COVID-19 пандемиясына байланыштуу экономиканы колдош үчүн мунай өндүрүшүн азайтууну сунуш кылган. Орусия өндүрүштү чектөөгө негиз жок экенин билдирип, бул сунушка макул болгон эмес. Буга жооп катары Эр-Рияд мунайын арзандатып, өндүрүшүн күчөткөн.
Аптанын башында АКШнын президенти Дональд Трамп мунайдын арзандашын токтотуш үчүн Москва жана Эр-Рияд менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын билдирген. Ак үйдүн башчысы бул маселени апта башында Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө да көтөргөн. Трамптын айтымында, тараптар сүйлөшүүгө даяр. Азырынча арзандоону токтотуш үчүн кандай чара көрүлүшү мүмкүн экени айтыла элек.