Дүйнөдө коронавирус жуккан адамдардын саны бир миллионго жакындады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейсус акыркы бир жуманын ичинде бул илдеттен өлгөндөр эки эсе көбөйгөнүн билдирди.
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө COVID-19 вирусу жуккандардын саны 932 миңден ашып, 47 миңге жакын киши каза болду. Дагы 194 миңге жакын адам айыкты.
1-апрелде Британияда бир сутканын ичинде 4 300 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталып, 563 бейтап каза болгону кабарланды. Өлкө боюнча жалпысынан 29 миңден ашык адам илдетти жугузса, алардын 2 300дөн көбү каза болду.
Италияда бир сутканын ичинде COVID-19 жуктуруп алган 4 800 адам аныкталып, 727 киши өлдү. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 110 миңден ашты, каза болгондор 13 155.
АКШда акыркы үч күн ичинде коронавирустан өлгөндөр эки эсе көбөйүп, жалпы саны 4 800 кишиге жакындады. Илдетти жугузуп алгандар 212 миң адамдан ашты. Кошмо Штаттардагы пандемиянын очогу болуп эсептелип жаткан Нью-Йорк шаарында 1000ден көп киши каза тапты. Өлкө президенти Дональд Трамп жакынкы эки апта оор болушу мүмкүн экенин эскертти. «Мен ар бир америкалык алдыдагы оор күндөргө даяр болушун каалайм. Алдыда бизди эң кыйын эки апта күтүп турат», - деди Трамп.
Коронавирус алгачкы жолу былтыр декабрда Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытай бийлиги акыркы жумаларда өлкөдө бул илдет жуккан адамдар кыйла азайганын билдирди. 1-апрелде Бээжин бир сутканын ичинде Кытайдын материк бөлүгүндө вирус жуккан 36 киши жаңыдан катталганын, алардын 35и чет өлкөдөн келген адамдар экенин кабарлады.