Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:59

Орозалиев: уруксат кагазын сатуу боюнча шектүү кызматкердин жетекчилиги текшерилүүдө


Бишкекте милиция кызматкерлери жарандарды текшерип жатат.
Бишкекте милиция кызматкерлери жарандарды текшерип жатат.

Бишкек шаарында өзгөчө абал шартында уруксат кагазын сатууга байланыштуу шек саналган Октябрь райондук милициясынын кызматкеринин жетекчилигине карата кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, эгер жетекчиликтин мыйзамсыз иштерге катышы аныкталса, жоопко тартылат.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө абал учурунда тоскоолдуксуз жүрүүгө уруксат берүүчү өткөрмө кагазын мыйзамсыз жазып берүүгө шектүү катары камакка алынганын кабарлаган. Атайын кызмат кылмышка шектүү жеке компаниялардын биринин өкүлүнөн «санитардык бекеттерден жана блокпосттордон өтүүгө уруксат берүүчү өткөрмө жазып берем» деп пара талап кылганын билдирген болчу.

25-марттан тартып коронавирусту жайылтпоо максатында Кыргызстанда Бишкек баштаган үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал режими жарыяланган. Ага ылайык, бул аймактарда коменданттык саат киргизилип, жарандардын эркин жүрүшүнө чектөө коюлду. Мындай шартта соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү, дарыгерлер жана айрым мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери атайын уруксат кагаз менен жүрүүгө милдеттүү. (BkA)

XS
SM
MD
LG