Тажикстандын мектептеринде 1-апрелден тартып жаңы чейрек башталды, бала бакчалар да иштеп жатат. Бийлик каникулду узартып же карантин жарыялаган жок.
Расмий маалыматтар боюнча коңшу өлкөдө коронавирустун учурлары каттала элек. Ал эми балдарын мектепке жөнөтпөгөн ата-энелерге айып салынат, окуучуну болсо мектеп окуудан чыгарып коюшу мүмкүн.
Билим берүү министрлигинин жетекчилери бардык окуу жайлары дезинфекцияланганын айтышууда. Ата-энелердин көбү болсо «баары бир карантин кылыш керек эле же жок дегенде жазгы каникулду узартышса болмок» деп жатат.
Айрым жерлерде балдарга өз эсебинен антисептикалык каражаттарды алуу тапшырылган.
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги болсо 1-февралдан 30-мартка чейин чет жактардан кайтып келген 6 миңден ашык тажик жараны текшерилгенин билдирген. Ушу тапта төрт миндей адам ооруканаларда карантинде кала берүүдө.