Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:34

2-апрель: Вирус жуккан беш кыргызстандык реанимацияда жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

2-апрелде эртең мененки саат 9га карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын арасынан бешөө реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алардын арасынан экөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышат. Экөөнө тең жасалма дем алдыруучу аппарат коюлду.

Реанимацияга жаткырылгандардын экөө Ноокатта, экөө Ош шаарында жана бир бейтап Жалал-Абадда.

18-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 116 адамга жукту, алардын бешөө сакайып чыкты.

Оору катталган учурлардын 54ү Жалал-Абад, 30у Ош, бешөө Чүй, үчөө Баткен, төртөө Нарын жана экөө Ысык-Көл облустарында. Ош шаарында 10, Бишкекте сегиз адам катталган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG