Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Бишкек коменданты: Азык-түлүк ташууга уруксат «жетиштүүдөн да көп» берилди


Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

Бишкекте азык-түлүк жана коомдук тамактануу тармагында иштеген ишканаларга жалпысынан 2700 өткөрмө кагазы жазылып берилди. Бул тууралуу 2-апрелде басма сөз жыйынында баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Комендант мынча санда документ жазылып берилишин «жетиштүүдөн да көп» деп баалады.

Ошону менен катар ал шаардын чет жакасында жашагандарды камсыз кылуу жагында маселе бар экенин белгилеп, комендатура бул багытта иштеп жатканын кошумчалады.

18-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус жуккан 116 учур катталды. Бир катар аймактарда өзгөчө абал режими киргизилди. Бишкекте адамдардын жана машинелердин кыймылына чектөө коюлду. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG