Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:25

Өзбек бийлиги жашы 65тен ашкандарды үйдөн чыкпоого милдеттендирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда 1-апрелден тартып жашы 65тен өткөн жарандардын үйдөн чыгышына тыюу салынды. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык атайын комиссиянын чечимине ылайык, алар үйлөрүнүн түбүндөгү азык-түлүк дүкөндөрүнө жана дарыканаларга гана бара алышат.

Ошондой эле жарандарга башка аймактарда каза болгон же катуу ооруп калган жакын туугандарына барууга да тыюу салынды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шохрух Гиязов карантин шарттарын бардык жарандар сакташы керек экенин, баарына бир аймактан экинчи аймакка каттоого тыюу салынган эскертти.

Өзбекстанда карантин 16-мартта жарыяланган. Он күндөн кийин жарандардын үйдөн чыгышына чектөө киргизилген. Ага ылайык, өтө зарыл жумушу болбогондордун баары үйлөрүндө отурушу керек.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматына ылайык, коронавирус 181 адамдан аныкталды. Оорудан эки бейтап ажал тапты жана 12 киши айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG