Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:37

«Талибандын» өкүлдөрү Кабулга 19 жылдан бери биринчи жолу келишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Талибан» кыймылынын расмий делегациясы Ооганстандын баш калаасында өкмөт өкүлдөрү менен туткун алмашуу маселесин талкуулашты.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңеши аталган кыймылдын үч мүчөсү 31-мартта жана 1-апрелде ооган бийлиги менен Кабулда бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн ырастады. Бирок бул жолугушуудан кандай майнап чыкканы азырынча расмий айтыла элек.

Талибдер эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү «Батыштын тактекеси» деп мүнөздөп, түз сүйлөшүүдөн баш тартып келген. Март айынын соңунда ооган өкмөтү менен талибдер видеоконференция уюштуруп, бетме-бет сүйлөшүү өткөрүүгө макул болушкан.

«Талибандын» басма сөз өкүлү Забихулла Мужахид да туткундарды алмашуу жана бошотулгандарга медициналык жардам көрсөтүү маселелери боюнча ооган өкмөтү менен «техникалык сүйлөшүү» болгонун ырастап, биринчи фазада талибдердин 100 мүчөсү эркиндикке чыгарын айтты.

АКШ баштаган күчтөр 2001-жылдын ноябрь айында талибдерди сүрүп чыгаргандан бери бул кыймылдын расмий өкүлдөрү ооган баш калаасына келе элек болчу.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы 5 миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак. Бирок бул сүйлөшүүлөргө президент Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулланын өз ара саясий тиреши жолтоо болду. Андан сырткары Кабул менен «Талибан» туткун алмашуу тууралуу бири-бирине шарт коюп жатат.

XS
SM
MD
LG